Site icon Reporter.kg

Хабиб Нурмагомедовдун 100 миң долларга сатылган футболкасы Мирзиёевдин күйөө баласынан табылды

Быйыл сентябрда жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун кайрымдуулук аукционунда 100 миң АКШ долларына сатылган футболкасы Ташкентте табылды. Бул тууралуу RT Sport телеканалы 24-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Нурмагомедов Дастин Порье менен болгон беттешинен кийин кийген футболка азыр Өзбекстан президентинин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровго таандык. Ал президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси жана өлкөнүн MMA ассоциациясынын башчысы.

Умаров журналисттерге Хабибдин футболкасы белек экенин билдирип, бирок ким бергенин айткан эмес.

— Мага бул футболканы белекке беришти. Аны Ташкенттеги BeFit спорт клубуна (айрым маалыматтар боюнча Умаров бул клубдун ээси) илип койдук. Ким бергенин айта албайм, ал футболканы сатып алганда жашыруун калгысы келгенин айткан, — деди Умаров.

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү, анын ичинде күйөө балдары менен жакын мамиледе. Спортчу быйыл эле Өзбекстанга бир нече жолу барып, сый көргөн.

Ал ортодо өзбекстандык адвокат өлкө мыйзамдарына ылайык, кызмат адамынын 100 миң долларлык белек алуусу «пара болуп эсептелерин» билдирүүдө.

Быйыл 7-сентябрда Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Дастин Порье Абу-Дабиде өткөн беттешинен кийин футболкалары менен алмашкан. Нурмагомедов аны аукционго коюп, түшкөн акчаны Африкадагы мектептерди таза суу менен камсыз кылган фондго которууну убадалаган.

16-сентябрда Дастин Порье «Твиттер» баракчасы аркылуу Хабибге ыраазычылык билдирип, футболканы сатуудан түшкөн 100 миң доллар фонддун эсебине которулганын жазган.

Exit mobile version