Тони Фергюсон менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши 2020-жылдын 18-апрелинде Бруклинде өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
«Америкалык аралаш согуш өнөрлөрүнүн мушкери Тони Фергюсон Абсолюттук салгылаш чемпионатынын чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен боло турган таймаштын келишимине кол койду» — деп билдирет ESPN.
Фергюсон жана анын өкүлдөрү жума күнү UFCнин башчылары менен Лас-Вегаста жолугушту. Жолугушууда мушкер Нурмагомедов менен наам үчүн салгылашка расмий түрдө макул болду.
Сентябрда Нурмагомедов Абу-Дабиде өткөн турнирде америкалык мушкер Дастин Пуарьени сыгуучу амал менен 3-раундда жеңип , UFCнин жеңил салмактагы чемпион наамын сактап калган.
Ал эми Фергюсон июнь айында болгон акыркы таймашында Дональд Серронени жеңген. Фергюсондун кесиптик карьерасындагы активинде 25 жеңиш жана 3 жеңилүү болгон. Хабиб 28 таймаш өткөрүп, анын барында тең женишке ээ болгон.