Хамес Родригес  «Эвертонго» өттү

Хамес Родригес  «Эвертонго» өттү

Белгилүү колумбиялык футболчу, Хамес Родригес Испаниянын «Реал Мадрид» клубунан Англиянын «Эвертон» клубуна өттү. Бул тууралуу «Эвертондун» расмий сайтына жарыяланды.

«Ушундай бай тарыхы бар, мыкты командага кошулганыма абдан кубанычтамын. Мындан сырткары бул жерде мен жакшы билген машыктыруучу (ред. Карло Анчелотти) иштейт. Мен команда менен чоң ийгиликтерди багынткым келет, ошондуктан  бул клубга кошулдум», — деген футболчу.

29 жаштагы  Хамес Родригес  «Эвертон» менен эки жылга (дагы бир жылга узартылышы мүмкүн) келишим түзгөн. Англиялык клуб  футболчу үчүн 22 миллион евро короткон. Футболчуга 19- катар номуру берилген.  

Хамес Родригес «Реал Мадрид» клубунда 2014-жылдан бери ойнойт. 2019/2020-жылкы сезондо колумбиялык футболчу жалпы 11 оюнга катышып, 1 гол киргизген.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>