Site icon Reporter.kg

“Хан-Теңири” лагеринен 2 адамды өлтүрүп качып кеткен шектүүгө мамлекеттик издөө жарыяланды

Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүрүп качып кетти делген Сергей Смирновко мамлекеттик издөө жарыяланды. Бул тууралуу  облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында шектүү ошол аймакты жакшы билип, мурда туристтерге жол көрсөтүп иштеп жүргөндүктөн,  анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо кыйын болууда.

Шектүүнүн өзгөчө белгилери: бою 160-170 см, көздөрү чоң жана түсү күрөң, чачы саргыл, чымыр денелүү.

Сергей Смирнов тууралуу кабары барлар: 0702 148841, 0707279994, (03922) 54550, 54505, 60321 телефон номерлерине же Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, (03948) 102 номерине чалса болот.

Айта кетсек,  шектүү “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарлаган.  Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.

Exit mobile version