Хантавирус: Кытайда келемиштен жуккан жаңы вирустан бир адам өлдү

Хантавирус: Кытайда келемиштен жуккан жаңы вирустан бир адам өлдү

Кытайда хантравиурсту жуктуруп алган адам каза болду. Бул тууралуу China Global Times өзүнүн Тwitter баракчасына жазган.

Маалым болгондой, Юньан провинциясынын тургуну Шаньдун провинциясына баратып, коомдук транспортто каза болгон. Бул жаңы вирустун адам өмүрүн алган алгачкы учуру.

Дарыгерлер автобустагы бардык жүргүнүлөрдөн тест  алышкан. Алардын ооруну жуктуруп алганы азырынча аныктала элек.

Басылманын маалыматына караганда, бул оорунун таратуучулары келемиштер. Вирус алардын заңында калат жана аба аркылу жугат. Ал эми адамдан адамга жукпайт.

Хантавирустун белгилери — дем алуу органдар жабыркап, алсыздык, жөтөл жана кусуу менен коштолот. Азырынча бул оорунун дабасы табыла элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>