Site icon Reporter.kg

Хорватияда токойдон чыккан өрт калк жашаган аймакка жакындап келүүдө

Хорватияда токойдон чыккан өрт калк жашаган аймакка жакындап келүүдө. Учурда чукул кырдаал жарыяланып, аймактын тургундары менен туристтер коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Бир нече күн мурун Шибеник шаарынын жаныдагы токой жалындын курчоосунда калган.  Жергиликтүү бийликтин маалыматына карганда, катуу шамал абалды ого бетер кыйындатууда. Өрттү өчүрүүгө тартип сакчылары жана аскерлер тартылган.

Полициянын божомолу боюнча өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан чыкан же атайлап өрттөлгөн болушу мүмкүн.

Exit mobile version