Site icon Reporter.kg

Ош: Дыйкан-Кыштактагы үйлөр түрттүрүлүп жатат (ВИДЕО)

Ош шаарынын жанындагы Дыйкан-Кыштактан 7 үй түрттүрүлүлүп жатат. Бул боюнча январь айындагы Жогорку Соттун чечими чыккан. Т-Медиа каналынын түз эфирдеги берүүсүндө сот аткаруучулар айтып берди.

Маалыматка караганда, Дыйкан-Кыштак айылынын Мамыров көчөсүнүн №35 контурундагы Айбек Шамшиев, Зоодахан Кудайбердиевалардын тиешелүү үлүш жери болгон. Алар сотко берип, үйдү түртүрүү боюнча чечим чыгарган.

Ал эми жергиликтүү тургундар болсо бул маалыматка карамайынча каршы чыгууда. Алардын айтымдарында, 2008-жылы жер трансформацияланган. Жергиликтүү бийлик башка жер тилке берем деп убада бергендиктен тынчып отуруп калышкан. Бирок, былтыр убада аткарылбагандыктан кайрадан бул жерге турак-жай салып көчүп келишкен.

Нааразы тарап “Ихлас” курулуш компаниясынын тапшырыгы менен атайын ушул ишке барып жатат деп күнөөлөшүүдө.

 

Exit mobile version