Site icon Reporter.kg

«Lexus ES250» унаасын алдап алган аял кармалды

40 жаштагы Т.А., шаар тургуну С.М.нын ишенимине кирип башкалаадагы Сухе-Батор көчөсүндөгү «Lexus ES250» унаасын, акчасын кийинчерээк берем деп алдап алып кеткен. Ушул жылдын 27-июнунан бери дайынын билдирбей кеткен. Алдамчылыкка шектелген аял кармалып, учурда тергөө жүрүүдө. Бул туурасында Бишкек милициясы билдирди.

Мындан алданып, жабыр тарткандар болсо 0(551) 102-180, 0(702) 106-020 и 102 номурларына кайрылууга үндөөдө милиция.

Exit mobile version