Site icon Reporter.kg

Адвокаттардын курултайында жаңжал чыкты (ВИДЕО)

Бишкекте шаарындагы  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп жаткан адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты.

Түшкө чейин съезд өтүп саат 14:00дө Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо маселеси каралмак. Ага айрым жактоочулар кире албай калганын “Азаттык” радиосуна адвокат Бакыт Жумашев айтып берген.

“Саат 2де келсек, филармониянын эшиктерин жаап алып тизме менен гана киргизебиз деп коё бербей коюшту. Жыйынды көмүскө эле эч кимге билгизбей өткөрүү туура эмес. Съезд жабык болот деп айтылган эмес. Жабык өткөрүү да мыйзамсыз”, — деди Жумашев.

Exit mobile version