Site icon Reporter.kg

Марипов карылар үйлөрүнүн көбөйүшүнө тынчсызданды

Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо ар дайым мамлекеттибиздин маанилүү багыты бойдон калат. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган Бишкек социалдык стационардык мекемесине барганда билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы ата-апаларды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр каалады. Ошондой эле ал карылар үйлөрү да, анда жашагандардын да көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди.

«Ушул күнү мен мекендештерибизди кары ата-энелерибизге жана бир туугандарыбызга көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Эгер алыс болсоңуз, телефон чалып, жакын болсоңуз, кучагыңызга кысып, жылуулук тартуулаңыз. Биздин улуу муун өкүлдөрүбүз мыкты шартта жашап, сый-урматка жана камкордукка бөлөнүшү керек. Муну өсүп келе жаткан муунга сиңирүүбүз зарыл», – деди.

Бүгүн эл аралык карыялар күнү.

Exit mobile version