Site icon Reporter.kg

Милиция ардагерлердин үйүнө барышты

Ички иштер министринин биринчи орун басары  Сүйүнбек Өмүрзаков  ардагерлер Чоюнбек Сагынбаев, Акын Шаршенов, Бексырга Кубатович, Нина Ромашова, Динара Шакировага барды. Алар ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан жылуу куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду айтышты, азык-түлүккө толгон баштыктарды тапшырышты.

“Сиздердин артыңыздарда чоң тажрыйба бар. Сиздер каада-салттарды жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоочуларсыздар. Жаш муундарды  колдоп, балдардын жана неберелердин ишенимдүү жардамчыларысыздар”,-деди Өмүрзаков

Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Эл аралык карылар күнү белгиленет.

Exit mobile version