Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат.
Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар таймашы менен башталат.
Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп, учурдагы 62 килограмм салмактагы дүйнөнүн чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык жаш жана таланттуу Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келет.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.