Site icon Reporter.kg

Рыспек Акматбаевдин ата-энесинин өлүмү туурасында милиция үн катты

4-октябрь күнү саат 10.05 чамасында Лексус 300 автоунаасынын айдоочусу Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1937-ж.т. А. А., «Балыкчы-Ананьево-Каракол» автоунаа жолунун 26,00-чакырымынан, тагыраагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып ала салып кеткен.

Натыйжада айдоочу өзү жана жанындагы жүргүнчү болуп бара жаткан жубайы 1940-ж.т. Ү. С. экөө кырсык болгон жерден каза болуп калышкан.

Окуя Ысык-Көл РИИБнүн кылмыш жана жоруктарды каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин өздүк булактар маалымат тараткан. Милиция расмий маалымат бере элек болчу.

Кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин ата -энеси жол кырсыгынан каза болушту — сүрөт

Exit mobile version