Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 2 млн 502 миң 885 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызматкерлери жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2 млн 133 миң 615 сом төлөөлөрдү жүргүзгөн.
Ошондой эле, алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 миң 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан.
Жогорудагы фактылар боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.