Site icon Reporter.kg

Бийлик айыл чарба техникасын лизингге берүүгө акча бөлдү

Министрлер кабинети «Айыл Банк» ААКсына өзүнчө кредиттик линия ачуу жана айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 426,6 млн сом бөлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Айыл Банк» ачык акционердик коомуна чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

1) лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

2) пайыздык ставка – жылдык 4,5 пайыз;

3) баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес;

4) күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

5) карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01 % өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.

Лизинг предмети күрөө катары иштейт. Карызды жабуу графиги бузулган учурда, чегерүү ар бир кечиктирилген күн үчүн ижара акысынын негизги суммасынан ашпаган, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Exit mobile version