Site icon Reporter.kg

Орусия: Аэропортто кыргыздардын кармалып туруу себеби айтылды

Орусиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» эл аралык аэропортунда кармалып турган жүздөй кыргыз жараны боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

Маалыматка ылайк, элчиликтин үч кызматкери өткөрмө бекеттен өтө албай жаткан кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн аэропортко жөнөтүлгөн.

«Жарандар орусиянын чек ара кызматы тарабынан жүргүзгөн иш-чаралардан улам кармалып турган. Орусияга кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын өзгөртүп, чек арадан өткөн учурларга байланыштуу кыргыз жарандары тарабынан мындай мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн чаралар күчөтүлүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

Мындан сырткары текшерүүнүн алкагында өлкөгө киргендерди Орусияда тыюу салынган уюмдар менен катыштыгы текшерилет.

Аэропортто суткалап кармалып турган кыргызстандыктарды тамак-аш менен камсыздоо өтүнүчү келтирилген»,- деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 7-октябр социалдык Шереметьево аба майданында Кыргызстандын болжол менен 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар тараган.

Exit mobile version