Сарыбашов уулун үйлөнттү. Тойго Ташиев, Матраимов барды (ВИДЕО)

Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов 9-октябрда уулу Нурсултан Насирбековду үйлөнтүп, Бишкек шаарында чоң той берди. Маалыматты «Клоопко» Сарыбашовдун мурдагы кеңешчиси Азамат Абсаттаров тастыктаган. Басылманын маалыматы боюнча, Оштогу жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурсултан Шакир уулу инстаграм баракчасындагы сторисине тойдон видео жүктөдү. Андан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин куттуктоосунан үзүндү көрүүгө болот.   … Читать далее Сарыбашов уулун үйлөнттү. Тойго Ташиев, Матраимов барды (ВИДЕО)