Site icon Reporter.kg

Нурэлес Уметалиев бийликти басып алууга шектелип жатат

Фейсбук колдонуучусу Нурэлес Уметалиев бийликти басып алууга шектелип жатат. Бул боюнча өзү Reporter.kg′ге тастыктады.

Анын айтуусуна караганда, фейсбук социалдык баракчасына апрель айындагы видео кайрылуусу үчүн жана июнь айындагы посту үчүн бийликти басып алууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шек санап жатат.

Видеокайрылуусу өчүп кеткен, бирок, атайын кызмат кагазга жазып алган. Жазып алган сөздөр толугу менен өзүнүкү, болгону эмоцияга берилип айтып алган. Анда экономикалык кризис, саясий кризистер жөнүндө айтып, элди тынчтык митингге үндөгөн.

Ал учурда адвокат жалдап, укуктук жактан өзүн коргоого аракет кылып жатыптыр.

Телефон аркылуу маекти толугу менен ушул жерден угуңуз.


Буга чейин адвокат издеп чыккан. Андан мурдараак Мамлекеттик коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырганын айткан болчу.

 

Exit mobile version