Site icon Reporter.kg

Түркия: 5-кабаттан кулаган кыргыз мерт кетти

Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык  5-кабаттагы үйдүн терезесинен кулап каза тапты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Анталья шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде убактылуу жашап жаткан 18 жаштагы бала 5-кабатынан секирип кеткен. Бейтапканадан 15-октябрь күнү жетилерде операция жасалып, дарыгерлер анын жанын алып кала алган эмес.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар 6-кабаттан кулап кеткенин, ооруканага жеткирилгенин, өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын жазып чыгышкан.

Exit mobile version