Site icon Reporter.kg

Вице Байсалов менен Текебаев түндө соцсетте кайым айтышты (ВИДЕО)

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Балыкчы шаарында бир тойдон чыгып келе жатып, вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун мурдагы сынына жооп кайтарды:

“Эдил сен “Ата Мекен” партиясында сени ээрчий турган кишилер калбай калды дедиң, эми мен жооп берип коёюн. Азыр мен үйлөнүү тойдон чыктым,  баланын атасы, кыздын атасы да “Ата Мекен” партиясынын колдоочулары. Ресторандын ээси да каза болуп калыптыр, ал дагы “Ата Мекен” партиясын колдоочу экен. Өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган жарандар ар дайым биз менен болушкан. Айрымдары турмуштук жагдайларга байланыштуу, өз тиричиликтери менен алек. Биз аларга ыраазыбыз, анткени, алар кайсы бир убакта өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн. Сен да бир кездери “Текебаевдин кишисисиң”- деген жемеге калгансың, сен да бир кездери “Ата Мекендин” кишиси болчусуң. Сен былтыр Жээнбеков тарапта, быйыл бул бийлик тараптасың”- деди Текебаев

Ошол эле түндө соцтармак аркылуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов Бишкектеги үйүндө видео аркылуу жооп берди:

“Өмүрбек Чиркешович, мен сизди терең сыйлайм.  Мен сизге Текебаевдин доорунда жашап жатабыз деп айткам. Бул куттуктоо да, сыноо дагы. Анткени, сиздин дооруңуздун кесепети, жыйынтыгы көз алдыбызда да. Кандай жашап жатабыз, жаштарыбыз каякта? Кыргыздар каякта тентип жүрүшөт? Завод, фабрикалар эмне болду? Билим берүү, саламаттыкты сактоо системасы эмне болду? Бул Текебаевдин доорунун жыйынтыгы” – деди.

 
Буга чейин «Азаттыктын» берүүлөрүнүн биринде кайым-айтыша кеткен.

Exit mobile version