Site icon Reporter.kg

КТРКнын башчысы Соцфондго төрага болду

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын мурунку директору Бахтияр Алиев Социалдык фондго башчы болду. Аны вице-премьер-министр Эдил Байсалов коллективине тааныштырган. Бул туурасында Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал КТРКга 2020-жылдын декабрынан, ушул жылдын  15-октябрына чейин директор болуп эмгектенди.

Соцфонддун төрагасы болуп Жаныбек Орозалиев май айда келип, октябрь айында жумуштан кол жууган.

Exit mobile version