Site icon Reporter.kg

Абактан бошотуу үчүн пара алган кызматкер кармалды (ВИДЕО)

Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов пара менен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасы түзүлгөнү такталды.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечип, ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

 

18-октябрда  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө.

Exit mobile version