Site icon Reporter.kg

Президенттик администрациянын чыгымдары көбөйөт

Ушул жылдын октябрь айында президенттик аппараттын чыгымдарына 20 млн 163,5 миң сом бөлүнгөн, бул мурунку бир айга салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалым болду.

Мындан тышкары, президенттик жана өкмөттүк бөлүмдөрдүн каражаттары 3,5 миллион сомго көбөйдү. Маселен, октябрь айында чыгым 38 миллион 607,5 миң сомду түзсө, быйыл сентябрда 35 миллион 90 миң сом болчу.

Президенттин жана өкмөттүн октябрь айындагы жалпы чыгашасы 67 миллион 717,7 миң сомду түзөрү күтүлүүдө.

Exit mobile version