Site icon Reporter.kg

Ош: Үйдөн алтын буюмдарды карактаган топ кармалды

2021-жылдын 5-январында түнкү саат 02:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 36 жаштагы Х. Ш. өзүнүн турак жайында 2 баласы менен жаткан жерине белгисиз 2 адам беткапчан кирип, бычак менен коркутуп, үйүндөгү 300 000  сомдук алтын буюмдарын жана уюлдук кол телефонун карактап  кеткен. Мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Х. Ф. жана 28 жаштагы М. уулу Ф. экөө биргеликте жогорудагы кылмыш ишин жасаганы аныкталып кармалды.

Учурда Кара-Суу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.

Exit mobile version