Бишкек мэриясы сувенирлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Бул үчүн акча шаардык бюджеттен бөлүнөт. Жалпысынан сувенирлерге 190 миң 805 сом жумшоо пландалууда.
Негиздемеде алар сөөктөн жана мүйүздөн жасалган көркөм буюмдардын композициясын сатып алууга 26 миң сом, айнек үчүн 119 миң, флеш-карталарга жана ламинатталган кагаз баштыктарга 5 миң сом сарптоону ниеттенип жатканы айтылат.