Site icon Reporter.kg

Бишкек: Ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип мурдагы сот кармалды

2018-жылдын 23-марты күнү Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан жабырлануучунун батирин сатам деп алдоо жолу менен 21 миң 850 доллар акча каражатын жана 36 миң долларык Range Rover үлгүсүндөгү унаасын алган. Ошол бойдон ар кандай шылтоолорду айтып жүрүп, акыры дайынын билдирбей кеткен.  Бул туурасында Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам аракеттердин аркасында 59 жаштагы М.Э.  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Айрым маалыматтарга караганда,  Аламүдүн райондук сотунун соту Эмил Мамытов экени айтылууда.

Exit mobile version