Site icon Reporter.kg

“Империя пиццы”: Жапырт уулануунун себеби такталды

империя пиццы

“Империя пиццы”  кафелер тармагынан уулануу себебин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тактап чыкты. Бул туурасында аталган кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, жапырт ууланууга эскирип кеткен балык себеп болгон. Ушул тапта мамлекеттик кызмат балык саткан жайлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Бишкектеги балык тамактарын жасаган япон ашканасы да иштебей турат.

Аталган кафелер тармагынан уулангандардын саны 318 кишиге жеткен. Бардык түйүндөрү жабылган. Муну менен катар тамактануучу жайлардын бардыгы текшерүүдөн өтөөрү айтылган.

Exit mobile version