Site icon Reporter.kg

Дүйнөлүк оюн: Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөттө жеңди

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы атаандашы эквадордук Розангела Реаско Валдести бир мүнөттө жеңди.

Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Андан кийин Айпери Медет кызы атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти

3-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталды.

Ошентип, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

 

Exit mobile version