Site icon Reporter.kg

Өрттөн чарчап калган наристенин өлүмү боюнча иш козголду

Бишкек шаарынын Аммосов көчөсүндөгү тигүү цехинен чыккан өрттөн чарчап калган наристенин өлүмү боюнча иш козголду. Бул туурасында Ленин райондук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барып, тез аранын ичинде курчоого алышкан. Ал үйдө А.А. атту өспүрүм кыз болгону аныкталып, ал ошол жерден чарчап калган.

Өрт өчүрүүчүлөр 3 сааттын ичинде отту толугу менен өчүргөн.

Exit mobile version