Site icon Reporter.kg

Япон өкмөтүнүн толук курамы отставкага кетти

Бүгүн, 10-ноябрда Япониянын өкмөтү курамы менен отставкага кетти. Бул туурасында Известия жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда,  Либерал-демократиялык партиясынын президенти Фумио Кисида премьер-министр болоору күтүлүүдө. Анткени, аталган партия парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, башмыйзам боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон партиянын лидери өкмөт башчысы болот.

Японияда 465 депутаттык орун болсо, Либерал-демократиялык партиясы 261 орунуна ээ болду.

Exit mobile version