Site icon Reporter.kg

Чүй: Милиция кызматкерлери пара менен кармалды (ВИДЕО)

Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондук милициянын тергөөчүлөрү 2021-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарындагы банктардын биринен “Б.К.Н.” аттуу жарандын банк картасы аркылуу “Н.Д.” өкүлү “А.И.” жарандарынан 70 миң сом алышып, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү “Г.М.Ш.” жаран “Н.Д.”га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды.

Кармалган Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрүнүн бири, “Г.М.Ш.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

13-ноябрында УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Exit mobile version