Site icon Reporter.kg

Баткен: Жүк ташуучу унааларды таразага тарткандар кармалды (ВИДЕО)

Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды.  Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдиришти.

Маалыматка караганда,  “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында, салмактык-габариттик көзөмөлдүн берилген ченемдерин бузууну менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

“Көк-Талаа” ТКПнын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган.

2021-жылдын 13-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, пара катары акча каражатын алган деген шек менен  Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы — “З.С.А.” жана “Көк-Талаа” ТКПнун башкы инспектору “М.Э.Э.” кармалып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы тиешелүү юридикалык баа берилет.

 

Exit mobile version