Site icon Reporter.kg

УКМК талапкерлердин биринин добуш сатып алуу аракетин аныктады

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы С.М.О. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, КР ЖК депутаттыгына талапкердин  жакын тууганы болгон С.М.О. Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, соттун санкциясы менен 2021-жылдын 16-ноябрында акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуштарын сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Ошол эле учурда С.М.О. жана анын унаасын тинтүүдө  шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты  табылган.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган С.М.О. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек ш), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Exit mobile version