Site icon Reporter.kg

10 модулдук вирусологиялык лаборатория курулуп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында республика боюнча 10 модулдук вирусологиялык лабораторияларды куруп жатат. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, илдеттердин алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун (CPZiGSES) базасында 10 вирусологиялык лабораториялар курулуп жатат. Бул лабораториялык диагностиканы жакшыртууга жана оптималдаштырууга, калктын COVID-19 инфекциясынын диагностикалык тесттерине жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошот.

Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондоруна салынып жаткан лабораториялар 60 пайыз даяр. Ал эми Талас, Ноокат, Ноокен жана Каракол шаарындагылар 20 пайызы бүтүп калды. Жалал-Абад, Баткен шаарларына жаңыдан пайдубалы түптөлдү.

Маалыматта канча каражат кеткени айтылган эмес.

Exit mobile version