Site icon Reporter.kg

Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулду

2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Бүгүн мен айыл-чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз.

Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу.

Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер — айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. “Айыл банк” жана “РСК банк” менен тыгыз иштей баштаңыздар.

Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек.

 

Exit mobile version