Site icon Reporter.kg

Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулар жолду оңдоп берүүсүн талап кылышууда   

Кочкор-Кара-Кече, Дыйкан-Эпкин жолун түздөп, айдоочуларга шарт түзүп бергиле. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов парламенттин жыйынында билдирди.

Ал, “көмүр ташып жаткан айдоочулар, мага байма-бай чалып кайрылып жатышат.  “Жолдор болбой калды, техниканы талкалап жатат” деп  кайрылышууда. Жок дегенде жолдорун түздөп шарт түзүп берип коюшубуз керек” – деди депутат.

Ушул тапта бийлик 3 миң сомдук көмүрлөрдү жана Бишкек ЖЭБине көмүр ташып жатат. Ошондой эле жеке айдоочулар да көмүр ташып, сатуу менен алектенишүүдө. Кочкор-Жумгал жолунун абалы оор экени көптөн бери айтылып келет.

Exit mobile version