Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Курал такап, май куючу жайдан акча карактап кетти (ВИДЕО)

14-декабрда болжол менен саат 04.25 чамаларында Жети-Өгүз райондук милицияга Саруу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз үч бала ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткендиги жөнүндө билдирген. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу сурамжылоо иштерин жүргүзүп, 14-декабрь күнү болжол менен саат 03.30 чамасында белгисиз азият улутундагы 3 бала ок атуучу курал менен май куюучу жайдын терезеси аркылуу операторду коркутушуп, акча талап кылышканын, оператор кассада болгону 1000 сом акча бар экенин айтканда, алар ошол акча каражатын алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштын бетин суутпай ачышып, кылмышка шектүү катары Дархан айылынын тургундары 28 жаштагы Ш.Ж. жана 16 жаштагы Б.Б. кармалышты. Ал эми, үчүнчү шектүү, ушул эле айылдын тургуну 26 жаштагы А.А. издөөгө жарыяланды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкгында тергөө амалдары уланууда.

 

Exit mobile version