Site icon Reporter.kg

10 күн! Унааларды жеңилдик менен каттоо акциясы бүткөнү калды

Кыргызстанда нөлдүк салык менен унааларды кайра каттоо өнөктүгү уланууда. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жылдын аягына чейин жеңилдетилген шартта транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча улуттук кампания жүргүзүлүүдө. Жарандар транспортту көрсөтүлгөн шарттарда кайра чыгарууга 10 гана күн калды.

Улуттук кампаниянын алкагында 2021-жылдын 1-июнунан 19-декабрына чейин  «Унаа» мамлекеттик мекемесинде 221 762 унааны кайра каттоо операциясы жүргүзүлгөн.

Транспорт каражатын кайра каттоонун баасы бүгүнкү күндө чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1633 сомду түзөт. Автоунааны жаңы мамлекеттик номер албай туруп кайра каттоодон өткөргөндө, анын баасы төмөндөйт. 498 сомду түзөт.

Акциянын максаты — автоунааны кайра каттоо үчүн алымдардын нөлдүк ставкасын белгилөө аркылуу жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандыруу.

 

 

Exit mobile version