Site icon Reporter.kg

Саясатчы Бактыбек Калмаматов камалды

Саясатчы  Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайына 48 саатка камалды. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Анын адвокаты Айым Камчыбекованын айтымында, Бактыбек Калмаматов расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу беренеси боюнча айыпталып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Бактыбек Калмаматовду Манас аэропортунан кичи ажыга, Сауд Аравияга кетип бара жаткан жеринен кармап кеткени кабарланган.

Бактыбек Калмаматовду Манас аэропортунан УКМК кызматы алып кетти (ВИДЕО)

Exit mobile version