Site icon Reporter.kg

Бишкек: Салык кодексине каршы митингге чыгышты (ВИДЕО)

Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына жаңы Салык кодексине каршы  нааразы тарап митинге чыкты. Ушул тапта жүзгө чукул эл турат.

Алардын негизги талабы, президент Садыр Жапаровду бул Салык кодексин артка кайтарып алуусун, кайрадан иштеп чыгуусун талап кылышууда.

Митингди уюштуруучулардын бири жарандык активист Атай Бейшенбек уулунун айтымында, бийлик карапайым ишкерлердин үнүн укпастан Салык кодексин иштеп коюшкан. Андыктан кайрадан иштеп чыгуусу керектигине токтолду.

Эми мына такси айдоочуларына барып жолугуп көргүлөчү, алар кантип ККМ аппаратын кантип иштетет! Кичинекей дүкөндөрдөн көп жарандар карызга алышат, алар кантип ККМге карызга алды деп маалымат жөнөтүшөт? Же болбосо сүт алып, анысы ирип кетсе, кантип ирип кетти деп ККМ аппаратка кантип жөнөтөт? Булардын баарын түшүндүрүп беришпейби? Ошондуктан биз реалдуу талап кылып жатабыз. Ошондуктан мыйзам бузбайлы, Салык кодексин кайра артка кайтарып бергиле деген талап менен чыктык!”— деди активист.

Ошондой эле активист бир гана Салык кодексин президент Садыр Жапаров гана кайтарып ала алат,  Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусу калды, анда эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизе албаарын кошумчалады.

Муну менен катар Салык кодексин артка кайтарып алууга президентке 2 күн убакыт берди. Эгерде, талап аткарылбаса бардык ишкерлер чыгаарын эскертти.

 

Exit mobile version