Site icon Reporter.kg

Жылаңач аялдын сөөгү табылды. Жанында кийимдер калган

2021-жылдын 29-ноябрында Ысык-Ата районунун Ново-Покровка  айыл өкмөтүнө караштуу Сары Жон айылы жактагы жолдун боюндагы 2 чакырым аралыктагы арыктан аялдын сөөгү табылган (зомбулуктан каза болгондордун белгилери жок). Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  болжол менен анын жашы 45-55 жашта, жылаңач жүргөн, аял кишинин сөөгүнүн жанынан кара түстөгү аялдардын спорттук шымы, кара түстөгү күрмөсү, бир жуп көк байпак табылган. (трикотаж).

Аталган факты Ысык-Ата райондук милициянын Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин (коркунучта калтыруу) негизинде катталган.

Белгилери: чачы кыска, бою 160-165 см, курсагында тырыгы бар (болжол менен кесарево операциясынан).

Милиция бул аялдын сөөгүн тааныгандар болсо Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына 0 (509) 19-11-90, 0 (312) 61-69-07, 0 (708) телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. 10-81 -10.

Exit mobile version