Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Орозайым Нарматованын мандаты боюнча териштиргени калды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетине Орозайым Нарматованы мандатынан мыйзамсыз ажыратканы боюнча териштирип берүүнү суранды.

«Борбордук шайлоо комиссиясы кесиптешибиз Орозайым Нарматованы депутаттык мандаттан ажыратты. Башмыйзамдын 79 – беренесине ылайык, 2-пунктунда так жазылган. Анда 11 гана учурда депутаттык мандаттан ажыратылаары айтылат. Анын ичинде “диплом туурабы, туура эмеспи”- деген негиз жок. Козголгон кылмыш бүтө электе, сотко жете электе БШК Билим берүү министрлигинин чечиминин негизинде токтом кабыл алып жатат. Ошол себептен бизде, комитеттерде 82-пункка ылайыктуу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө укугу бар. Ошол себептен БШКны чакырып ушул комитетте депутаттын мандатын ажыратуу боюнча мыйзамды карап берсек. Бул Башмыйзамга ылайык, эртең кимибиздин башыбызга келет, эч ким айта албайт” – деп сунушун комитеттин төрагасы Медер Алиевге кагаз түрүндө берди.

Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин төрагасы Медер Алиев “БШКнын тиешелүү кызмат адамдарын чакырып, териштиребиз”- деди.

Exit mobile version