Site icon Reporter.kg

Орозайым Нарматованын ордуна келген депутат ант берди

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келген Айгүл Айдарова Жогорку Кеңеште ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Айгүл Айдаровага депутаттык мандат тапшырган.

Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон. Ал БШКнын чечими менен мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованын ордуна парламентке келди.

Exit mobile version