Site icon Reporter.kg

28 жаштагы жаран «Йакын-Инкар» диний уюмунан чыкты (ВИДЕО)

Чүй облусунда Кыргызстанда тыюу салынган  «Йакын-Инкар» диний уюмунун мүчөсү аталган уюмдун көз караштарынан колдоодон баш тартты. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну мындан ары аталган уюмдун көз карашын колдобой турганын айтып, мурда жаңылыштык кылганын билдирген. Ал коомчулукту тыюу салынган диний уюмдардын азгырыктарынан алыс болууга чакырды.

 

«Йакын инкар» диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган «Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп саналат. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөнгө тыюу салынган.

Exit mobile version