Site icon Reporter.kg

Чек ара чуусун камтыган маалыматы үчүн «Кактус Медиага» иш козголду

Чегара маселеси жөнүндөгү «Кактус Медиа» сайтында жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, 27-январь күнү “Кактус Медиа” сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстан тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

Exit mobile version