Site icon Reporter.kg

Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи» радионун эфиринде Талас элинен кечирим сурады.

«Жолугушууга 5-6 адам, Жумабековдун жакын санаалаштары жана жакындары катышкан. Мен аларды эч качан колдобойм деп айттым. Бир профессор аны видеого тартып алган. Контексттен алынган үзүндү жарыяланды. Эгерде менин сөзүм кимдир бирөөнүн беделине шек келтирген болсо, мени кечирип коюңуздарды суранам», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору «Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы» болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору өзгөрдү

 

Exit mobile version