Site icon Reporter.kg

“Мен өлөмүн, март айында жок боломун”. Ош шаарында 13 жашар бала өз жанын кыйды

23-февраль күнү саат 20:12де Ош шаарынын «Тез жардам» кызматы Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн беш  кабаттуу 11-үйүнүн там башынан кулап  13 жашар баланын каза болгондугун билдирген. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкы териштирүү иштерин жүргүзү учурунда аталган  2008-жылы туулган өспүрүм аталган беш кабаттуу үйдүн башынан боюн таштап, каза болгондугу аныкталган.  Анын өмүрүн акыркы минуттарында жанында болгон теӊтушунун айтуусуна караганда  ошол күнү кечки саат 18.00 чамаларында  каза болгон бала менен чогуу там башында чогуу отурган.

Теӊтушунун көрсөтмөсүнө караганда, адегенде жалпысынан 5 өспүрүм там башында болушкан, үч өспүрүм эрте эле түшүп кетишкен.  Там башында каза болгон бала менен   теӊтушу калган.  Ошол учурда маркум теӊтушунун телефонун  сурап алып, бир кызга видеочалуу аркылуу сүйлөшүп, аягында «кош бол, мени кечир» деп айткан. Телефонду кайтарып берген соӊ,  «Апа, мени кечир» деп айтып,   капыстан өзүнүн боюн таштап жиберген.  Телефонун берип турган теӊтушу анын мындай чукул каадамга барып, боюн таштап жиберээрин күтпөгөн.

Күбө катары суралышкан   теӊтуштарынын, жакындарынын  берген көрсөтмөсүнө караганда ал:  «Мен өлөмүн, март айында  жок боломун, мени көрбөйсүнөр» деп айтып келген.

Учурда бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуйт.

 

 

Exit mobile version