Site icon Reporter.kg

Бишкекке курулуш компаниянын жетекчиси мэр болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.

Абдыкадыров 64 жашта, Талас облусунан болот. Ал вице-премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси, бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. «НурСтройМонтаж» курулуш компаниясынын жетекчиси.

Буга чейин Reporter.kg  Айбек Жунушалиев президенттик аппаратта иштей турганын билдирген болчу.

Exit mobile version