Site icon Reporter.kg

39 жаштагы киши бийиктиктен боюн таштоого аракет кылды

Бишкек шаарынын Байтик-Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн 1983-ж.т. К.А. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жерине 5 куткаруучу, милиция жана тез жардам кызматынын кызматкерлери тартылып, сүйлөшүлөрдүн натыйжасында эркек кишини жерге түшүргөн.

Exit mobile version