Site icon Reporter.kg

Бийлик ипотекалык компанияларга каражатты тездетүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев  Финансы министрлигине Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн каражаттарды бөлүү темпин тездетүүнү тапшырды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тапшырмага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин 1 миллиард сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын уставдык капиталын 8,5 миллиард сомго көбөйтүү зарыл.

Exit mobile version